Камчыбек Ташиев расмий сапар менен Катар мамлекетине барды

10:38, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg

КамУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Катардын коргоо министри, вице-премьер-министр Халид Бен Мухаммад аль-Атия менен жолугушту. Бул тууралуу Asian Express Telegram каналында маалымдалды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү жолдорун талкуулашканы айтылган.

«Жолугушууга Катар Эмиринин алдындагы Байланыш жана маалыматтык технологиялар армиясынын командачысы, генерал-майор Заид бин Ахмед аль-Кувари, генерал-майор Салем бин Абдулла Наиф аль-Досари, Аба согуштук колледжинин командири Мухаммад бин Абдулла, Бириккен атайын күчтөрдүн командачысы генерал-майор Жассим бин Али аль-Атия ошондой эле эки тараптын бир катар жогорку даражалуу жетекчилерин жана офицерлер катышты», — деп айтылат билдирүүдө.