10:09, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан 2024-жылдын башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттогон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет сегиз айдын жыйынтыгы боюнча маалыматтында айтылат.
Ведомствонун маалыматына караганда, январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга (55 миллиард 847,9 миллион сомго) 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон. Өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.
Негизги жеткирүүлөр:
Улуу Британия — 5 тонна 891,1 килограмм;
Гонконг (Кытай Эл Республикасынын өзгөчө административдик аймагы) — 1 тонна 848,5 килограмм;
Швейцария — 971,5 килограмм;
БАЭ — 13,5 килограмм.
Белгилей кетсек, 18-октябрда алтындын баасы унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, муну менен тарыхый максимумун жаңырткан. Дүйнөдө алтындын спот базарында баасы биринчи жолу унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, бир жума ичинде 2,3 пайызга өстү.