18:45, 18 октября 2024, Бишкек - 24.kg
19-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт.
Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19;
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз 9...14;
Нарын облусунда түнкүсүн −4...+1, күндүз 8...13.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5°, күндүз 17...19° жылуу болот.