Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте «Ынтымак» турак жай комплексин курууда

17:36, 18 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Фото

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тарабынан салына турган «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушуна «мезгил кутусун» салды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында коммерциялык жайлар жайгашат.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, өлкөдө жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи. Ал учурда облустардын борборлорунда көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын, эмдиги жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларга көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталарын айтты.

Президент азыркы тапта үйү жок жарандарыбызды, анын ичинде чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады. МИК «Элдик банк» менен биргеликте «Топтоочу ипотека» долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор жеткиликтүү турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бир топ жеңилдетет. Мындан тышкары, балдар үйлөрүндөгү жетим балдарды колдоо механизмдери иштелип чыгууда жана «Келечекке салым» аттуу жаңы долбоор даярдалып жатат.

Мамлекет башчысы курулуш иштерин жетиштүү деңгээлде каржылоо жана инвестиция тартуу үчүн эл аралык инвесторлор менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров көпчүлүк жарандарыбыз үй алууга чамасы жетпей, же үй салууга жер тилкесин ала албай жүргөндө мындай жер тилкелерин колунда бар жарандар сатып алып жатышканына көңүл бурдурду. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн мындай жер тилкелери мамлекетке кайра кайтарылып алынууда деп билдирди.

Мындан тышкары ал белгилегендей, жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет, ал эми калган жарымы болсо курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандарыбызга берилмекчи. Мамлекет башчысы 50 пайыз өлчөмүндө алдын ала төлөө зарылдыгын түшүндүрдү, бул каражаттар кезекте турган кийинки жарандар үчүн тезирээк үй салууга салым болот.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте 22 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 400 адам турат. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат. Борбор калаага эле кезекке турбай, региондорго да турууга өзгөчө көңүл бурулду. Келээрки жылдан баштап облустарга, райондорго, кичи шаарларга үйлөр курула баштайт.

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганына бурду.