Билим берүү министрлигинде 414 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

16:55, 18 октября 2024, Бишкек - 24.kg

 Билим берүү жана илим минитсрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Аудиттин жыйынтыгында министрликте жалпы – 414 547,4 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Анын 78 200 сому калыбына келтирилди, эми дагы 154 180 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Эсептөө палатасы
2022-жылга карата бюджеттин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталган:

КР бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 422,8 сом.

КР бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; Калыбына келтирилди - 425,1 миң сом.

мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 87 255,2 мин сом; Калыбына келтирилди - 72 842,3 миң сом.

эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; Калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.

мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.

коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар - 1 670,8 сом.