Бишкектик мугалимдердин айлык акысы республикалык бюджеттен төлөнөт

12:34, 18 октября 2024, Бишкек - 24.kg

2026-жылы борбор калаанын мэриясы мугалимдердин айлыгын төлөөдөн бошотулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин фракцияларынын биргелешкен жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.

«Натыйжада 2026-жылы Бишкектин бюджетинде 6,5 миллиард сом бошоп, муниципалитет аны шаарды өнүктүрүүгө колдоно алат», — деди чиновник.