Бишкекке автобустарды сатып алуу 2026-жылга жылдырылды

12:26, 18 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин фракцияларынын биргелешкен жыйынында 2025-жылдын бюджетинин долбоору каралып жатканда депутат Гуля Кожокулова эмне үчүн автобустарды сатып алууга акча каралбай жатканын сурады.

«Бишкекте автобустарда баары жайындабы? Тургундар арызданышууда», — деди ал.

Шаардын вице-мэри Мирлан Байгончоков борбор калаадагы коомдук транспорт эми инвестициялык каражатка 2026-жылы сатылып алынарын билдирди. Азия өнүктүрүү банкынын акчасына 120 электробус, Европа өнүктүрүү банкынан 100 автобус жана KMF банкынан 60 автобус сатып алынат