Бүгүн Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Программа

09:13, 18 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 18-22-октябрь күндөрү өтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган.

Программасы:

18-октябрь — кино күндөрүнүн ачылышы, Москвадагы «Поклонка» кинотеатрында белгилүү кыргыз тасмалары көрсөтүлөт;

19-октябрь — Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары жана Кыргызстан менен Россиянын интеллигенциясынын форуму, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, «Кылымдар мурасы» көргөзмөсү болот;

20-октябрь — гала-концерт, мекендештер менен жолугушуу, «Саадат какты» спектакли көрсөтүлөт;

22-октябрь — Чыңгыз Айтматовго арналган спектакль, кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана маданий концерт уюштурулат.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген.