«Манас» соода-логистикалык шаарын курууга капсула салынды

17:39, 17 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Чүй облустуна «Манас» соода-логистикалык шаары" ири инвестициялык долбоорунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Долбоор 700 гектар аянтка ишке ашып, 30 миң соода түйүндөрүн түзүүнү жана 4,2 миллиард долларга инвестиция тартууну камтыйт. Курулуштун биринчи фазасына 700 миллион доллар керектелет.

Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышты.

Акылбек Жапаров андан ары «Манас» соода-логистикалык шаары заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу долбоор экенин айтты.

«Мындай комплексти түзүү аймактык жана эл аралык соода алакаларын кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле продукцияны экспорттоо шарттарын жакшыртууга чоң салым кошот деп ишенем. Долбоордун ийгиликтүү болушуна тилектешпиз», — деп кошумчалады ал.