Кыргызстанда мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 4-ноябрда башталат

17:24, 17 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрдин буйругуна ылайык, мектептерде каникул жети календардык күнгө созулат.

Мектеп окуучулары 2024-жылдын 4-ноябрынан 10-ноябрына чейин каникулга чыгышат. Сабактар 11-ноябрдан тарта башталат.