Суперкубок үчүн «Абдыш-Ата» жана «Мурас Юнайтед» командалары ат салышат

15:28, 17 октября 2024, Бишкек - 24.kg

20-октябрда Бишкекте 2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Кубок үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону «Абдыш-Ата» менен КР кубогунун жеңүүчүсү «Мурас Юнайтед» беттешет.

Буга чейин маалымдалгандай, Суперкубоктун жеңүүчүсү 20 миң доллар алат.