Президенттин жаңы администрациясын көрүүнү каалагандардын саны азайды

15:09, 17 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Фото

Кыргызстандыктар президентинин администрациясынын жаңы имараты «Ынтымак Ордого» экскурсияга барбай калышты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына өлкө башчынын иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жаңы Ак үйгө күнүнө 28 адам келет.

«Эгерде буга чейин имаратка күнүнө орто эсеп менен 450 адам келсе, кечээ, мисалы, 28 адам администрациянын коногу болду. Буга чейин күнүнө 8-9 автобус келсе, азыр бир эле автобус же кичи автобус бар», — деп билдиришти администрациядан.

Экскурсоводдор зыяратчыларга негизинен жолугушуу залдары жайгашкан биринчи кабатты көрсөтөт. Бир топко экскурсия үчүн 30-40 мүнөт бөлүнөт.

«Бардык аймактардан эл келишти. Негизинен студенттер, ардагерлер союзу жана пенсионерлер», — деп белгиледи бөлүм башчы.

Эскерте кетсек, президенттик аппараттын жана министрлер кабинетинин жаңы имараты 30-августта ачылган. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Ынтымак Ордо» бир гана административдик объект эмес, «чечкиндүүлүктүн, достукка, биримдикке жана өнүгүүгө чакырган архитектуралык символ» экенин белгилеген.

Жаңы Ак үйдү кантип кыдырса болот?

Ынтымак Ордого баруу үчүн Абдумомунов көчөсү, 207 (Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши) дарегиндеги мурдагы президенттик администрациянын имаратынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пунктуна кезекке туруу керек.

Операторлор келген адамды каттап, Ынтымак Ордого саат канчада барса болорун айтышат.

Мурдагы Өкмөт үйүнүн жанынан атайын автобустар (Абдумомунов көчөсү, 207) иштейт, алар экскурсияга алып барып, Эски аянтка алып келишет.

Электрондук кезекти жетекчиликке алган операторлор автобуска түшүү убактысы тууралуу маалымдайт. Мисалы, адам саат 10.00дө келет, алар ага экскурсияга саат 14.00, 16.00 же эртеси саат 12.00дө бара алаарын түшүндүрүшөт.

Бир эле учурда 20 адам кире алат. Алар атайын журналга катталып, кайра кирүү алар үчүн мүмкүн болбой калат. Бул буга чейин имаратка барууну каалагандардын көптүгү менен түшүндүрүлгөн.