Чаткалда тоого чөп тамырын чогултууга чыккан 6 адам дайынсыз жоголду

10:48, 17 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Чаткалда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен алты адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамдарды издөөнү улантууда.

9-октябрда 14 адам тоого чыкканы такталган. Топ алыскы аймакка бет алып, андан соң байланыш үзүлгөн. Айыл тургундарынын жакындары куткаруучуларга жардам сурап кайрылышкан. Сегиз адам табылып, дагы алтоо изделүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 14-октябрда Ак-Сай тоосунун аймагында кар көчкү түшкөн.

Издөө-куткаруу иштери уланууда.