Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо аяктады

09:14, 17 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын 33 шаарында аймактык шайлоо комиссиялары шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоону аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештерге шайлоого өз талапкерин көрсөткөн 39 саясий партия 188 талапкердин тизмесин берген.

«Чолпон-Атада документтерди кароо учурунда «Эмгек» саясий партиясы өзүнүн тизмесин алып салып, ошону менен алдыдагы шайлоого катышуудан баш тартты. Жыйынтыгында 187 партиялык тизме катталды», — деп белгиледи БШК.

Жалпысынан 4 миң 928 талапкер катталган, анын 3 миң 183ү эркектер, 1 миң 745и аялдар, же 35,41 пайыз.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан көп пайызын алган партиялар шаардык кеңештерге депутаттык мандат алышат.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыккан. 249 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо (тизме шилтемеде) 17-ноябрга белгиленген.