Кыргызстанда дагы беш университетке өзгөчө макам берилет

17:40, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун тизмесине төмөнкүлөр кошулганы белгиленген:

Баткен мамлекеттик университети;

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

Талас мамлекеттик университети.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 18-июлунда Президенттин «Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыгып, анда кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия өнүктүрүүнү караган өзгөчө статус берилген:

Кыргыз улуттук университети;

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

Кыргыз улуттук агрардык университети;

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

Ош мамлекеттик университети.

Кыргыз экономикалык университетине изилдөө университети макамы ыйгарылды. «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемесине да өзгөчө статус берилди.

2024-жылдын мартында КРСУ өзгөчө статусу бар университет болуп калды.