Орусия Кыргызстанга тогуз мектеп курат. Депутаттар макулдашууну жактырышты

14:36, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш орус тилдүү тогуз мектепти куруу боюнча келишимди бир эле учурда үч окууда жактырды.

Эске сала кетсек, Орусия президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен жети облуска жана республикалык маанидеги эки шаарга билим берүү мекемелерин курат. Алар типтүү долбоор боюнча курулат.

Долбоор Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылат. Мектептер курула турган гранттын көлөмү азырынча белгисиз, аны берүүнүн тартиби келишимде аныкталат.