Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү заводго 10 млн доллар инвестиция салынат

14:21, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында биринчи катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана көмүү боюнча завод курулат.

Орус-кыргыз биргелешкен «Таза комплекс» ишканасынын негиздөөчүсү Марат Жаанбаев өкмөттүн жана Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк борборунун колдоосу менен компания долбоорду 2024-жылдын май айынын аягында кантип ишке киргизе алганын айтып берди.

Анын айтымында, завод түштүк борбордун мэриясы менен 25 жылга келишим түзгөн. Инвестициялардын жарымы тышкы булактардан, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкы менен кызматташуудан келген. Алар техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга грант берүүгө даяр.

Долбоордун негизги максаты — Ош шаарында таштандыны кайра иштетүү гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында ушундай станцияларды түзүү. Биринчи этапта инвестициянын жалпы көлөмү 98 миллион сомду түзсө, жакынкы жылдары 10 миллион доллардан ашык инвестиция тартуу пландалууда.

Марат Жаанбаев белгилегендей, алар заводго кооптуу жана медициналык калдыктарды көмүүчү жабдууларды орнотууну пландап жатышат. Бул терең иштетүүгө өтүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Сорттоо технологияларын орусиялык Husman компаниясы камсыздайт. Ал эми жабдуулар Нидерландия, Германия жана Италиядан келет.

Ишкана буга чейин 152 тонна таштанды сорттоп, күнүнө орто эсеп менен 2 тонна таштанды чыгарса, анын 1,5 тоннасы желим бөтөлкөлөр. Жайында комбинатта калктын социалдык аялуу катмарынан 20 аял иштеген. Алардын айлыгы орто эсеп менен 35 миң сом, үч маал тамактануу, душ, даараткана менен камсыздалган. Буга чейин бул аялдар полигондо оор шартта иштешкен, дейт Марат Жаанбаев.