Төө-Ашуудагы унаа тыгыны. 14 адам медициналык жардам сурап кайрылган

13:33, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Төө-Ашуу ашуусунда тыгында калган 14 адам медициналык жардам сурап кайрылышкан. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен тогуз киши — түн ичинде, бешөө бүгүн, 16-сентябрда кайрылган.

«Кайрылгандардын бардыгына амбулатордук жардам көрсөтүшкөн: ОРВИ, кан басымы», — деп билдиришти башкармалыктан.

Алар Сосновка постунда жана Токтогулда дарыгерлер нөөмөттө экенин белгилешти. Мындан тышкары Суусамырда тез жардам кызматынын туруктуу пункту иштейт.

Эскерте кетсек, Төө-Ашуу ашуусунда кардын жана сууктун кесепетинен ири унаа тыгыны пайда болгон. Эми ашуунун түндүк жана түштүк тарабындагы жол мурда тыгылып калган жеңил унаалар үчүн ачык болууда.

Сосновка жана Арал транспорттук көзөмөл постторунда кечээтен тарта жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Мындан тышкары, ал жерде автоунаалар кышкы дөңгөлөктөрдүн, кардын чынжырларынын жана тиешелүү жабдуулардын (күрөктөрдүн) бар-жоктугун текшеришет. Ашуудан күз-кыш шарттарына даярдалбаган унаалар өтпөйт. Бул чаралар жүк ташуучу жана жеңил унаалардын кынтыксыз өтүүсүн камсыз кылуу жана бир нече саатка созулган жасалма тыгындардын пайда болушуна жол бербөө максатында көрүлүүдө