Медербек Алиев: «Орусиядагы Кыргызстандын жарандары мигрант эмес, жумушчулар»

13:18, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Медербек Алиев Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын классификациясына ылайык, Орусияда иштеген Кыргызстандын жарандары эмгек мигранты болуп саналбай турганын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, алар ЕАЭБге кирбеген башка өлкөлөрдүн жарандарынан айырмаланып, жумушчулар болуп саналат.

«Бирок, тилекке каршы, бир катар учурларда иш берүүчүлөр жана айрым мамлекеттик органдар ЕАЭБде белгиленген нормаларды толук түшүнбөй жатат», — деди ал.

Медербек Алиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен бул багыттагы иштерди күчөтүүнү суранды.