Кыргызстандыктардын дагы бир тобу Кореяга жумушка жөнөтүлдү

13:05, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Чет элдик ишке орноштуруу борбору Корея Республикасына Иш менен камсыз кылуу кызматынын системасы (EPS) боюнча 39 жарандан турган топту жөнөттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган борбордо контракт боюнча келген абитуриенттер үчүн беш күндүк окуу өткөрүлдү. Анда корей тилине басым жасалып, аны иш чөйрөсүндө колдонууга көңүл бурулду

Программа маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү, Корея Республикасынын маданиятын жана тарыхын, социалдык нормаларды изилдөө аркылуу кызматташууну, корей тилин, каада-салттарын билүү деңгээлин жогорулатууну камтыйт. Бул корей коомуна жакшыраак интеграцияланууга жана кабыл алуучу өлкөнүн кесиптештери менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө жардам берет.

Жарандарды ишке орноштуруу борбору
Белгиленгендей, программанын алкагында жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 17 жылдан бери кыргызстандыктарды Корея Республикасынын ишканаларына ийгиликтүү ишке орноштурууда. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашык жаран ийгиликтүү ишке орношту.

Учурда Кореяда иш менен камсыз кылуу кызматынын программасы боюнча 1,5 миңден ашык жаран эмгектенет. Жалпысынан көбү тамак-аш, химиялык, кагаз өнөр жайларында, пластмасса, резина жана айнек буюмдарын чыгаруучу заводдордо иштешет.