11:04, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов тиешелүү министрликтерден Төө-Ашуу ашуусундагы абалды көзөмөлгө алууну суранды.
Эл өкүлүнүн айтымында, ашууда калып, өтө албай калган жарандар түнү бою байланышка чыгышкан. Жол эртең менен гана ачылганы менен ашууда миңдеген унаалар бар.
Эскерте кетсек, Төө-Ашуу ашуусунда кардын жана муздун кесепетинен ири унаа тыгыны пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа тыгынында калган жарандарга ысык тамак жеткирүүдө.