Садыр Жапаров: «Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатат»

10:50, 16 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде өзүнүн Батыш тууралуу айткандарына комментарий берди. Анын айтымында, Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатат.

Эске салсак, мамлекет башчы Батыш Орусиянын өнөктөштөрүнө буйрук бербеши керек деп билдирген. Ал Европа өлкөлөрү «бир нерсени айтып, башканы жасашат» деп эсептейт. Ал эми Батыш Бишкекке Москва менен кызматташабы же жокпу дебеши керектигин белгиледи.

— Ашхабаддагы форумда мага россиялык журналисттер күтүүсүздөн эле ушундай суроо берип кайрылып калышты. Мен даяр эмес элем бирок так жооп бергенге аракет кылдым. Россия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Россияны жектеп келишет. Албетте, Россия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: «Россия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Россиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Россия аркылуу. Россияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Россия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Россия менен иштешип жатасыңар го. Россия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз» деп ачык эле айтып жатам.

Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү.

Географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Кандайдыр бир маселелерде бири бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан алар менен кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда ал белгилегендей, Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары санкцияланган товарлар менен иштебейт.

— Албетте биз Бириккен Улуттар Уюмунун бир мүчөсү катары Россияга кирген санкциялык товарлар менен иштешкен жокпуз. Ошондуктан бул маселе боюнча бизге эч кандай доомат коё алышпайт.

Шек саноолору жок. Болушу да мүмкүн эмес. Жөн гана Россияга болгон жек көрүүлөрү болсо керек.