23:10, 15 октября 2024, Бишкек - 24.kg
2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында бүгүн, 15-октябрда борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын Кыргызстандын оюнчусу Християн Браузман гол киргизип эсепти ачты. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Муну менен улуттук курама тандоо оюндарынын үчүнчү раундундагы алгачкы үч упайды алып, А тайпада бешинчи орунду ээледи. Ал эми алтынчыга Түндүк Корея түштү.
«Ак шумкарлар» буга чейин улуттук курама команда Өзбекстан, Иран жана Катар курама командаларына жеңилген.