ТИМ аткаминерлерге иш сапарда өзүн кантип татыктуу алып жүрүү керектигин айтышты

19:14, 15 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын катышуусунда ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү.

Ал эл аралык ишмердүүлүктө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелерине, мамлекеттик кызматчылардын чет өлкөгө командировкага чыгуу эрежелерине, «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын эл аралык уюмдар менен кызматташтыгы жана эл аралык деңгээлдеги мамлекеттик ички жол-жоболорго арналды.

Асеин Исаев «Тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» мыйзамдын нормаларын сактоонун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн кеңири түшүндүрүп берди.

Чет өлкөгө командировкага жөнөтүлүп, эл аралык иш-чараларга катыша турган аткаминерлерге эскерүү баракчасы берилди. Анда Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада татыктуу жана натыйжалуу көрсөтүүнү жана алдыга жылдырууну камсыз кылуу, эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө жана өлкөнүн аброюн сактоо боюнча сунуштар камтылган.

Катышуучуларга мамлекеттик органдар менен Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү процессин оптималдаштырууга багытталган «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалыматтык системасы тартууланды.