Бишкек шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр

18:05, 15 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда шаардыктардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аяктады.

«Алдын ала аба ырайынын шарттарын эске алып, жылуулукту 22-октябрдан тарта баштоону караганбыз. Бирок жылуулук мэриянын тиешелүү буйругу чыккандан кийин гана бериле баштайт», — деп кошумчалашты мэриядан. Мындан тышкары жылуулук берүү мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градус Цельсияга жеткенде аныктала турганын кошумчалады. .

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев борбор калаага жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштаарын билдирген.