ДепутаттарТеңиз Бөлтүрүктөн 1 млрд сом кайтарып алынып, алынбагандыгына кызыкты

13:48, 15 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев «Кумтөр» ишканасынын мурдагы убактылуу башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк соттун чечими боюнча 1 миллиард сом кайтарып бергенби деген суроону койду.

Жыйынга катышкан министрлер кабинетинин мүчөлөрү суроого жооп берүүдөн кыйналып, кийинчерээк тактап, жооп берүүгө убада беришти.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын май айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк товарлары жана базар баасында сатылып алынган тетиктер боюнча аныкталган. Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон. Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк, камсыздоо боюнча адис Айшагүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы директору Рыспек Токтогулов кармалган болчу.

Тенгиз Бөлтүрүк менен Рыспек Токтогулов бардык кызматтарынан алынып, Башкы прокуратура деталдуу иликтөө иштерин баштаганы кабарланган. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, мамлекетке алдын ала 1 миллиард сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Натыйжада Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери кармалып, 2022-жылдын 10-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Тенгиз Бөлтүрүк өзү күнөөсүн мойнуна албай, бардык айыптар жалган экенин билдирген. Анын жактоочусу айыпталуучу тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтып, коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон Тенгиз Бөлтүрүк жана башка айыпталуучулар 844 миллион 512 миң 858 сом төлөшкөн.