Транспорт министрлиги көмөкчү чарбаларга дээрлик 400 миллион сом карыз

13:34, 15 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Транспорт жана коммуникация министрлигинин подряддык фирмаларга болжол менен 300-400 миллион сом карызы бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында бул жакындагы милдеттенмелер. Ал эми өткөн жылдардагы карыздар төлөнүп бүттү. Бул максаттарга 470 миллион сом бөлүнгөндүгүн белгиледи.

Бирок, ошол эле жыйында транспорт министри Абсаттар Сыргыбаев башка сумманы жарыялады. Аткаминердин айтымында, ведомствонун карызынын көлөмү 1 миллиард сомго жакын.

Депутат Улугбек Ормонов каржы министрине 2023-жылдан бери акчасын ала албай жаткан ишкерлердин каттары бар деп жооп берди.