Кыргызстанда жолдор тоңголок болуп, кар көчкү түшүүсү күтүлөт

11:50, 15 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

«Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.