Парламентте Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласын жоопко тартуу айтылды

17:24, 14 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Башкы прокуратура Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевди жоопко тарта алабы деген суроону койду.

Эл өкүлдөрү КМШга мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу келишимди ратификациялоо маселесин карашты.

Ырысбек Атажанов бул келишимдин алкагында Кыргызстан Аскар Акаевдин коррупциялык иштерге аралашкан мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевди экстрадициялоого жетише алабы? Казакстанда канча экс-чиновник бар? — деген суроону койду.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Бакиевдердин иши боюнча соттун чечимдери бар болгондуктан кайрылуулар болуп жатканын айтты. «Адил Тойгонбаевдин иши боюнча менде эч кандай маалымат жок. Эгерде ага карата кылмыш иштери козголгон болсо, анда конвенциялардын алкагында иш алып барганбыз», — дейт Үмүткан Конкубаева.

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан кесилген. Ал «Алдамчылык», «Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө» жана «Салык төлөөдөн качуу» беренелери боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Мындан тышкары, сот соттолуучудан «Манас» эл аралык аэропорту" ААК пайдасына 677 миллион 291 миң сом (10 миллион долларга жакын) өндүрүп алууну чечкен. Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү Адил Тойгонбаев Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 2005-жылдан бери издөөдө жүргөн.