14:10, 14 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Боом капчыгайы таш түшүрүү иштери жүргөндүктөн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш 14-18-октябрга белгиленген. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында таштар түшүрүлөт.
Иш саат 9.00дө башталып, 15.00дө аяктайт. Жол жарым-жартылай жабылат. Аны тазалоодо унаалар бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таштарды өткөрүү үчүн түшүрүү иштери токтотулат.
Таш түшүрүү иштери коопсуздук үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын да «Кыргыз темир жолу» ишканасы эске салат.