12:37, 14 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкектин “Жал-23” кичи районундагы гараждар алынып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, №18 үйдүн жанына тиешелүү уруксат документтери жок 15 темир гараж орнотулган. Аларды Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти алып салышты.