Бишкекте жылуулук качан берилет? Мэриянын жообу

11:23, 14 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте күн суук болуп, апта ичинде күндүн жылышы күтүлбөйт. Борбор калаанын тургундары жылуулук качан башталаарына кызыгып жатышат.

Мэрия жылуулукту беш күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градус Цельсийден ашпаганда бере башташат деп жооп берди.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 1-июнунан тарта калкты жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоого жаңы тарифтер киргизилген. Жаңы тариф боюнча жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирлердин жашоочулары эми энергияга 1 гигакалория үчүн 1 миң 560 сомдон, ал эми калган чарчы метрлер үчүн социалдык нормадан жогору, жылуулук энергиясынын деңгээлинде төлөшөт.

Жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан берилген төлөм эсеп-фактураларында жылуулук энергиясынын наркы өзүнчө сап катары көрсөтүлөт

Кошумчалай кетсек, буга чейин калк ысык суу үчүн 1 гигакалория үчүн 1 миң 120 сомдон төлөсө, киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин 1 миң 560 сомдон төлөшөт.