Ташиев: «Тажикстан менен чек араны делимитациялоо процесси жакында аяктайт»

09:18, 14 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жакынкы арада кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо процесси аяктайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Баткен тарыхы — элдин руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, «Кудай буйруса, жакынкы арада коңшулар менен чек ара маселесин талкуулап бүтөбүз».

Камчыбек Ташиев ошондой эле «мурдагыдай болбойт, кимдин жери, кайсы жери баары мыйзам чегинде чечилет» деп кошумчалады.

УКМКнын башчысы муну бийликтин жетишкендиги деп атап, кыргыз жерин көздүн карегиндей сактай турганын айтты.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын жана Баткен облусунун 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Баткендин тарыхы — элдин руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.