12-октябрга карата аба ырайы

18:31, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Эртең, түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусундатүнкүсүн 6...11, күндүз 12...17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17.

Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 14...16 градус болот.