Кыргызстанда мугалимдерди ноутбук сатып алууга мажбурлап жатышабы?

16:59, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айсулуу Мамашова мугалимдерди өздөрү үчүн ноутбук сатып алууга мажбурлап жатканын, айрыкча кредитке алууга аргасыз болуп жатканын айтты. Эл өкүлү «аларды мугалимдер өздөрү сатып алышабы же Билим берүү министрлиги бериши керекпи?» — деп сурады.

Министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев 2025-жылы мугалимдер үчүн 24 миң ноутбук сатып аларын айтты. Алар алгач STEM предметтеринин мугалимдерине жеткиликтүү болот. Үч жылдын ичинде бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат.

"Бирок, азыр сиздер аларды сатып алууга мажбурлап жатасыздар. Анда балким, ноутбуктардын баасын кийинчерээк төлөп бере аласыңарбы? — деп сунуш кылды депутат.

Министрдин орун басары анын сунушун кароого убада берди.