Эл өкүлү өлкөдөн чыгарылып кеткен 720 адам сөөктөрүн кайтарууну талап кылды

14:38, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу менен «Альянс» фракциясынын жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков бир топ жыл мурун Медициналык академиянын алдында Германиянын пластинация борбору иштеп, Кыргызстандан 720 өлүк, анын ичинде 27си 12 жашка чейинки балдар жана 70 тоннага жакын адамдын органдары Кыргызстандан чыгарылганын айтты.

Сөөктөр убактылуу чыгарылып кеткен, бирок, эл өкүлүнүн айтымында, алар дагы эле кайтарыла элек жана чет мамлекеттердин музейлеринде экспонат катары колдонулууда.

Акбөкөн Таштанбеков өлкөбүз эл аралык сотко доо арыз менен кайрылып, сөөктөрдү жерге берүү үчүн кайтарып бериши керектигин айтты. Алардын арасында драматургдардын, акындардын денелери бар экенин белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентарийдин өтүнүчү менен Пластинация борбору жабылып, учурда органдарды пластинация үчүн КР ЖОЖдоруна чет өлкөдөн алып келип жатканын айтты.

Аткаминер айткандай, алынган өлүктөр боюнча иликтөө иштери укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн. Сөөктөрдү алып чыгууга жол бергендердин көбү жазаланган.