21:57
USD 86.80
EUR 91.36
RUB 0.81

Акбөкөн Таштанбеков: «Канттагы моргдо жоголгон өлүк, сатылышы мүмкүн»

Былтыр өлүккананын кызматкерлери беш-алты өлүктү сатышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков «Элдик» депутаттык тобу менен «Альянс» фракциясынын жыйынында билдирип, бирок бул кайда болгонун тактаган жок.

Депутаттын айтымында, Кант шаарында жашаган жаран Махабат Ашимова жакында өлүкканадан экспертизадан өткөн агасынын сөөгүн таба албай жатат. Денеси жок.

Акбөкөн Таштанбеков Ашимованын бир тууганынын сөөгү да 2023-жылдагыдай сатылып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев болгон окуя боюнча түшүндүрмө бере алган жок. Ал маалыматты тактап, кийинчерээк эл депутатына жооп берерин убада кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар