Катуу шамалдан улам Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек түшүрүлдү

13:35, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Улуттук гвардиянын аскерлери Ала Тоо аянтында мамлекеттик тууну ылдый түшүрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы No 386 токтомунун 3-пунктуна ылайык, флагштоктун мамысына орнотулган мамлекеттик желек сынуу же бузулуу коркунучу пайда болгон учурда (катуу шамал, жамгыр, флагштокту оңдоо иштери) уруксат берилээри айтылды.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Аянтта желек түшүрүлдү

Муниципалитет катуу шамал токтогондон кийин желек кайрадан көтөрүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 11-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана суук болорун, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлүп жатканын билдирген.