Бишкектин бардык базарларында этти өз баасында саткан аянтчалар уюштурулду

13:06, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын бардык азык-түлүк базарларында эт саткан социалдык аянтчалар уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Фото Айыл чарба министрлиги
Мекеме мындай чара ири жана майда мүйүздүү малдын, ошондой эле жылкынын этинин баасын турукташтыруу максатында киргизилгенин белгилейт.

Жарандар этти «Аламүдүн», «Орто-Сай», «Ош», «Чынар», «Ак-Эмир» жана «Дордой моторс» базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардан ортомчусуз, белгилеген баада сатып ала алышат.