Ысык-Көлдө 3,6 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

12:44, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун прокуратурасы 3,6 гектар мамлекеттик жерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Даркан айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам М.У.га 2,6 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилип, дагы 1 гектар жер тилкеси Ж.К.га мыйзамсыз берилген.

Аталган факты боюнча Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду. Андан ары иликтөө үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жөнөтүлдү.