12:27, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Келерки жылы ИДПнын өсүшү 6 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин «Элдик» жана «Альянс» фракцияларынын биргелешкен жыйынында 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорлору каралууда.
Каржы министрлиги 2026-жылы ИДПнын өсүшү 4,7 пайызды, 2027-жылы 6,3 пайызды түзөрүн пландаштырып жатат.
Келерки жылы экономиканын өсүшү, ведомствонун болжолу боюнча курулушта 10,3 пайызга, өнөр жай тармагында 7 пайызга, кызмат көрсөтүүдө 5,2 пайызга, айыл чарбасында 2,8 пайызга өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.