ДСУ: Кыргызстандагы калктын 11 пайызы психикалык жактан жабыркайт

11:21, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда калктын 11 пайызы  психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири зомбулукка кабылары белгиленген. Бул алардын физикалык жана психикалык ден соолугуна таасирин тийгизет жана мектепке аз тартылууга, тынчсызданууга, травмалык стресске жана өзүн-өзү сыйлоонун жоктугуна алып келет.

Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө арналган тегерек столдо катышуучулар жумуш ордунда психикалык саламаттыкты колдоого муктаждыктын өсүп жатканын талкуулашты.

ДСУнун маалыматы боюнча, 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын 15 пайызы психикалык жактан жабыркаган. Дүйнөлүк деңгээлде депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 миллиард жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн 1 триллион долларга жакын жоготууга алып келет.

ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско психикалык саламаттык кызматына инвестиция ар бир адам жумуш ордунда да, андан тышкары да өз потенциалын толук ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон коомду куруу үчүн зарыл деп эсептейт.