Токтогулдагы суунун көлөмү 13 млрд 161 млн куб метрди түздү

10:41, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 161 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 331 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 142 куб метрди түзүүдө.

Белгилей кетсек, былтыр бул күнү суунун көлөмү 11,8 млрд куб метрди түзгөн.