09:43, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган «Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Расмий делегациянын курамында:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров бар.