08:58, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмү боюнча тандоо этабынын 3-турунун алкагында Катар менен Кыргызстандын курама командаларынын беттешиаяктады.
Кыргызстандын командасы 1:3 эсебинде утулуп калды.
Атаандаштардын дарбазасына жалгыз голду 76-мүнөттө Алимардон Шүкүров киргизди.
Эки оюндун жыйынтыгында Кыргызстан эки жеңилүү менен «А» тайпасында акыркы орунга чыкты. Алгачкы эки команда 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алышат. Үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлегендер төртүнчү турда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу үчүн күрөштү улантат.
Эске сала кетсек, 15-октябрда Кыргыз курама командасы өз талаасында Түндүк Корея менен Бишкекте беттешет.