Бишкекте чет элдиктерге кызмат көрсөтүүчү жаңы борбор ачылды

19:20, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаменти Бишкекте чет элдик жарандарды тейлөө борборун ачты.

Ведомстводон билдиришкендей, ал Жумабек көчөсү, 121 дарегинде (Никелер сарайынын имаратында) жайгашкан. Бүгүнтөн баштап кызматтын бардык түрлөрүнө кайрылуулар кезексиз жана күтүү убактысы жок чет элдиктер үчүн ачык.

Борбор чет элдик жарандарды каттоого алып, жарандык алууга арыздарды, Мекен карталарын жана жашоого уруксат кагаздарын кабыл алат.