Кыргызстандын элчиси АКШдан студенттик визалардын мөөнөтүн узартууну суранды

19:14, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда элчи Б. Аманбаев кыргыз студенттери үчүн Америка визасынын мөөнөтүн бир жылдан беш жылга узартуу, кыргыз жана америкалык банктардын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачууга көмөктөшүү жана кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа айдоочуларын жана медайымдарды АКШга убактылуу жумушка тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Дональд Лу кыргыз студенттери үчүн виза мөөнөтүн узартуу сунушун колдоп, бул маселени ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарын берди. Америкалык тарап ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу боюнча өз ойлорун ортого салды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча макулдашышты.