Жогорку соттун төрагасы ким болот? Талапкерлердин тизмеси

19:05, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку соттун төрагалыгына эки талапкер каралап жатат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына өздүк булактары билдирди.

Учурда Кыргызстандын Соттор кеңеши Медербек Сатыев менен Шерали Камчыбековдун талапкерлигин карап жаткандыгы айтылды.

Фото
  1. Медербек Сатыев

Медербек Сатыев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун Сокулук районунан баштап, андан соң Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалган.

Медербек Сатыев 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын курамына киргени ачык булактардан маалым. Аларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган. Бул чечимден кийин Медербек Сатыев судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыевге карата кылмыш ишин кароодо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин одоно бузгандыгы үчүн жеке аныктама чыгарган.

2020-жылдын октябрында ал президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2021-2022-жылдары президенттик аппараттын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору болгон.

Фото

2. Шерали Камчыбеков

Шерали Камчыбеков учурда Жогорку соттун төрагасынын орун басары.

КР Куралдуу күчтөрүнүн сайтында Шерали Камчыбеков 1973-жылдын 2-августунда туулган деп жазылган. Юриспруденция адистиги боюнча жогорку юридикалык билими бар.

1995-1999-жылдары Конституциялык Сотто кеңешчи, төраганын жардамчысы, бөлүм башчы болгон.

1999-2000-жылдары «Кыргызалко» ААК мамлекеттик корпорациясында юрист болуп иштеген.

2003-жылы Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болгон.

2003-2016-жылдары Ош шаардык сотунун судьясы болуп иштеген.

2017-жылдан — Жогорку соттун судьясы.

2023-жылдын мартынан — Жогорку соттун төрагасынын орун басары.

Шерали Камчыбеков 2019-жылы Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши боюнча төрагалык кылган. Анда азыркы президент 2013-жылы Караколдогу митингди уюштурууга катышкан деп айыпталган.