18:39, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Адабият боюнча Нобель сыйлыгы түштүк кореялык жазуучу Хан Ганга ыйгарылды. Бул тууралуу Нобель комитетинин сайтында маалымдалды.
54 жаштагы Хан Ганг Сеул искусство институтунда чыгармачыл жазуудан сабак берет.
2016-жылы жазуучу «Вегетариандык» романы үчүн Эл аралык Букер сыйлыгын жеңип алган.