18:05, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Ноябрь айынын башында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, беш күндүк график менен иштеген жарандар 7нен 10-ноябрга чейин эс ала алышат. 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күнү болуп саналат.
«Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасына кирген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс ала алышат», — деп айтылат Эмгек министрлиги.